Кишини бычактап, сөөгүн суу сактагычка ыргытып жиберген. Шектүү катары аялы кармалды
Талас облусунун тургуну күйөөсүн өлтүрүп, сөөгүн суу сактагычка ыргытып жибергенге шектелүүдө. Маалыматты облустук милициядан Kaktus.media сайтына кабарлады.
Маалымдалгандай, 12-августта Бакай-Ата РИИБине Түйтө айылындагы суу сактагычтан белгисиз жарандын сөөгү табылганы айтылган.
Бул факты боюнча "Киши өлтүрүү" беренеси менен кылмыш иши козголуп, тиешелүү экспертизалар дайындалган.
Текшерүүнүн жүрүшүндө Талас районунун Көк-Ой айылынын 1969-жылы туулган Ш.М. атуу тургуну экени такталды. Анын денесинде тактар болгон. Шектүү катары маркумдун жубайы - 1981-жылы туулган С.К. кармалды. Ал жолдошун бир нече ирет бычактап, андан кийин суу сактагычка ыргытып жиберген деп шектелүүдө.
Башкы беттеги сүрөт иллюстрациялык.
Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp:
+996 (700) 62 07 60.
url:
https://kaktus.kg/13976