Шаардык үч кыз көлдүк эки кызды сабап, iPhone 11 Pro телефонун тартып алышкан
RU

Шаардык үч кыз көлдүк эки кызды сабап, iPhone 11 Pro телефонун тартып алышкан

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Бишкек шаарынын 16-17 жаштагы кыздары Чырпыкты айылынын 22 жаштагы тургунун сабап, iPhone телефонун тартып алышкан. Бул тууралуу Kaktus.mediaсайтынын редакциясына Ысык-Көл облусунун ички иштер башкармалыгынан билдиришти.

Белгиленгендей, бүгүн, 17-августта социалдык тармактарда Ысык-Көлдүн жээгинде бир нече кыз дагы эки кызды сабап, үчүнчүсүн тепкен видео тараган. Бул окуя 3-июлда Бостери айылындагы "Золотая пески" пансионатынын пляжында болгонун РИИБ белгилеген.

Бул факты боюнча Ысык-Көл облусунун ИИБге Чырпыкты айылынын 22 жаштагы тургуну кайрылган. Ал белгисиз кыздарга карата чара көрүү өтүнүчү менен аны жана анын досун сабап, iPhone 11 Pro уюлдук телефонун тартып алганын айткан. Келтирилген чыгым 48 миң сомду түзгөн.

Арыз катталып, КР Кылмыш-жаза кодексинин "Каракчылык" беренеси боюнча кылмыш иши козголгон.

Шектүүлөрдүн өздүгү такталып, райондук милициянын тергөө кызматына өткөрүлүп берилди. Алар Бишкек шаарынын тургундары - 16-17 жаштагы С.Г., А.К., Т.А., Т.П., З.Б. жана К.А болуп чыкты, алар алдын ала сурак учурунда күнөөсүн мойнуна алышкан.

Райондук сот аларды үй камагына чыгарган. Бирок айыпталуучулар Т.А., Т.П., З.Б.лар тергөөгө учурунда чакырылган убагында келбей, талапты бир канча жолу бузгандыктан, аларга байланыштуу баш коргоо чарасын өзгөртүү тууралуу өтүнүч келтирилген. Райондук сот өтүнүчтү канааттандырып, баш коргоо чарасын 1-сентябрга чейин камакка алуу чечимин өзгөрттү.

Тергөө иштери жүрүп, айыпталуучулардын ушул сыяктуу башка кылмыштарга катыштыгы текшерилүүдө.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/13997