Көлдөгү скутер үчүн мушташ: Казакстандан келген коноктор эс алуучулар болуп чыкты
RU

Көлдөгү скутер үчүн мушташ: Казакстандан келген коноктор эс алуучулар болуп чыкты

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Ысык-Көлдүн пляжында мушташкандардын баары милицияга жеткирилип, эс алуучулар арыз жазышты. Бул тууралуу Kaktus.media сайтынын редакциясына Ысык-Көл облусунун ички иштер башкармалыгынан билдиришти.

Мурдараак маалымдалгандай, 16-августта соцтармактарда скутер ижарага бергендер пляждын аймагында эки эс алуучуну сабап салган видео тараган. Окуя Ысык-Көл районунун Кош-Көл айылындагы "Радуга Вест" эс алуу борборунун жанында болгон.

Ижарачылардын өздүгү такталганы кабарланды. Алар Бишкек шаарынын 18 жаштагы тургуну А.Ж жана анын теңтуштары Кош-Көл айылынан С.А. жана Б.Э болуп чыкты, баары Тамчы конушунун ички иштер бөлүмүнүн тергөө кызматына жеткирилди.

Скутерди ижарага алгандар, сабаган эс алуучулар да аныкталды. Алар Алматы шаарында (Казакстан) жашаган Кыргыз Республикасынын жарандары, 55 жаштагы С.Д. жана анын 27 жаштагы уулу С.Э болуп чыкты, алар скутерди ижарага бергендерге чара көрүү үчүн арыз жазышкан.

[/gallery2]

Алынган жаракаттын оордугун аныктоо үчүн соттук-медициналык экспертиза дайындалды. Анын жыйынтыгы менен КР мыйзамдарынын чегинде чечим чыгарылат, деп билдирди укук коргоо кызматкерлери.

"Радуга West" эс алуу борбору эмне дейт?

"Радуга West" администрациясы эс алуу борборунун окуяга эч кандай тиешеси жок экенин билдирген. Ал эми алар окуяга мындайча комментарий беришти: "Биздин коноктор скутерди ижарага алган "Альфа" пансионатынын пляжында эс алышты. Бирок скутерди айдай алышкан эмес, анткени башкара албай калышты. Муну скутердин ээси да байкап калып, 8 мүнөттөй кийин аларды кайра жээкке чакырган. Кожоюну төлөмдү талап кылган, төлөм мүнөтүнө болгондуктан, конок 15 мүнөткө алып, бирок 8-мүнөттө кайра скутер ээсине тапшырган. Мындан улам, эс алуучу акча төлөөдөн баш тартып, ошондон мушташ чыгып кеткен.

Башкы сүрөт: иллюстрациялык

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/13993