"Тулпар" карталары жок. Айрым мобилдик операторлор симка алгандарга акысыз берип жатат
RU

"Тулпар" карталары жок. Айрым мобилдик операторлор симка алгандарга акысыз берип жатат

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Коомчулукта троллейбус жана автобустарда накталай эмес жол киренин акысын төлөө үчүн "Тулпар" картасы жок деген нааразычылыктардан улам kaktus.kg редакциясы абал менен таанышып кайтты.

21-августтан бери троллейбустарда "ыктыярчылар" айдоочулар менен бирге жүргүнчүлөргө карталарды сатып жатышат. Алардын бири Санжар.

Ыктыярчылыкка бүгүн эле киришкен. Саат 14:00гө чейин 20 карта сатып, башка жок калганы үчүн жүргүнчүлөргө банк карталары менен кандай төлөсө болоорун түшүндүрүп жүрөт.

Автобус менен троллейбустарда карталарды массалык түрдө сатып кетип жатышат.

"Бүгүн эле 150 даана карта сааттым. Акыркысын азыр эле алып кетти. Эртең дагы беришет да", - деди троллейбус айдоочусу.

Аялдамалардан бүгүн ыктыярчыларды да, карта саткан чекиттерди дагы таба алган жокпуз. Мындан улам, редакция 0! мобилдик операторунун башкы кеңсесине барды.

Бул кеңсенин кызматкерлери "Тулпар" карталары калбай калганын айтып, массалык түрдө жарандар алып кетип жаткандары менен түшүндүрүштү. Күнүнө канча даанасы сатылып жатканы боюнча комментарий берүүдөн баш тартышып, атайын кат жиберүүнү өтүнүштү.

Айрым уюлдук операторлор симка алгандарга гана бекер таратып жатат

Ал жайдан чыгып, "ЦУМ" соода борборундагы мобилдик операторлорундагы "Тулпар" карталарынын бар-жогу менен тааныштык. Ал жердеги 0! мобилдик операторуна карталар келе элек болсо, Beeline кызматкерлери жарандар симка сатып алганда гана акысыз карталарды белекке берип жаткандарын айтышты.

Ал эми Megacom уюлдук операторунан "Тулпар" карталарын таба алдык. Кызматкер 50 сомдон көк стандарттык карталар бар экенин, күнүнө 50дөн ашуун адам сатып алып жатканын белгилешти.

Андан соң, айдоочулар менен баарлашып, карталар эмнеге жок калып жатканын сурадык. Алардын бири бүгүн эле 80 даана карта сатканын, алар жок калып, картасы жок жарандарды акысыз таашууга мажбур болуп жатканын айтып, нааразы болду.

"Мен бүгүн 80 даана карта саттым. Башка жок калды да. Көптөн карта чыгарса жетмек. Жок калса эмне кылайын?! Мына минтип биз накталай акча ала албай, "коммунизм" (акысыз - ред-Кактус) таашып жатабыз", - деди ал.

Белгилей кетсек, "Тулпар" картасын ала элек жарандар автобус жана троллейбустарда банк карталары аркылуу да төлөсө болот.

Стандарттык көк карталарды "Кыргызпочтасы" мамлекеттик ишканасынын кеңселеринен, О! Мегаком, Билайн мобилдик операторлордун кеңселеринен жана автобус, троллейбус айдоочуларынан сатып алсаңыздар болот. Көк стандарттык карталарды сатуу пункттарын төмөнкү шилтемеден көрүүгө болот: https://www.tulpar-card.kg/about/buy/

Жүргүнчүлөр электрондук төлөмдөрдү төмөнкү жолдор менен төлөй алышат:

  • үч категориядагы "Тулпар" транспорттук карталары (стандарттык, мектептик, жеңилдетилген) аркылуу;
  • Кыргызстандын бардык банктарынын VISA жана ЭЛКАРТ контактсыз карталары аркылуу;
  • виртуалдуу NFC картасы аркылуу;
  • "Тулпар" жана Balance тиркемесинде QR сканерлөө менен;
  • "Тулпар" тиркемесинде транспорттук кодду киргизүү менен.

Ал эми мэрия "Тулпар" карталары массалык түрдө сатылып жаткандыктан убактылуу мүчүлүштүктөр пайда болгонун айтты.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/14061