Бишкектиктер "Тулпар" карталарын алууда көйгөйлөргө туш болушту. Мэрия эмне дейт?
RU

Бишкектиктер "Тулпар" карталарын алууда көйгөйлөргө туш болушту. Мэрия эмне дейт?

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Бүгүн, 22-август Бишкекте толлейбус, автобустарда жол кирени карта аркылуу төлөөнүн үчүнчү күнү. Бирок жүргүнчүлөр "Тулпар" картасын сатуу түйүндөрүнөн жана айдоочулардан да ала албай жатышат.

Kaktus.media мобилдик операторлордун сатуу жайларынан карта алууга аракет кылып, 5 жерден таба алган жок. "Тулпар" карталары дүйшөмбү күнү эле түгөнүп калганын айтышты. Ушундай эле жоопту автобус, троллейбустардын айдоочуларынан да уктук.

Бишкек шаардык мэриясы "Тулпар" карталарын сатып алууда маселе жаралганын ырастап, ыңгайсыздык суроо-талаптын жогору болгону менен байланыштырды.

"Карталар жетпей калды, айдоочулар баарын сатып жиберишти окшойт. Бир нече сааттын ичинде маселе чечилет. Жүргүнчүлөр MBank, MegaPay жана Balance мобилдик тиркемеси аркылуу жол кирени төлөсө болот. Эгер жүргүнчүлөрдө аталган тиркемелер жок болсо, айдоочулар убактылуу картасыз жүрүүгө уруксат беришет", - дешет калаа башкармалыгынан.

Белгилесек, айдоочулар жүргүнчүлөрдү түшүнүп, картасы жок жүрүүгө уруксат беришип, накталай төлөм да алышкан жок.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/14060