Айыл чарба министрлиги: Киров суу сактагычында 14,5 млн куб метр суу калды
RU

Айыл чарба министрлиги: Киров суу сактагычында 14,5 млн куб метр суу калды

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

2023-жылдын 22-августуна карата абал боюнча Таластагын Киров суу сактагычынын көлөмү 14,5 млн м3 түзөт. Бул тууралуу Айыл чарба министрлиги маалымдады.

Маалыматка ылайык, 2023-жылдын 22-августуна карата абал боюнча Киров суу сактагычынын көлөмү 14,5 млн м3 түзөт, бул өткөн жылга салыштырмалуу 92,1 млн м3 аз, бүгүнкү күндө суунун келиши 0,7 м3/сек, суу көбөйгөн жок, 2022-жылы суунун келиши секундасына 13,7 куб метрди түздү.

Киров суу сактагычынын долбоордук көлөмү 550 млн м3.

"Киров суу сактагычынан 2023-жылдын 21-апрелинде суу бериле баштаган. Суу сактагычтын көлөмү 445,6 млн м3, суу Кыргызстан менен Казакстандын ортосунда кол коюлган суу бөлүштүрүү боюнча графикке жана протоколго ылайык берилген. Белгилей кетсек, бүгүнкү күндө Кыргызстан Казакстан алдындагы бардык милдеттенмелерин аткарды", - деп айтылат маалыматта.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/14066