Кыргызстан Таластан Казакстанга суу берүүнү токтоткуунун себебин түшүндүрдү
RU

Кыргызстан Таластан Казакстанга суу берүүнү токтоткуунун себебин түшүндүрдү

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Айыл чарба министрлиги Таластагы Киров суу сактагычынан Казакстанга суу берүүнү токтоткон себебин түшүндүрдү.

Белгилүү болгондой, эки өлкөнүн бийлик өкүлдөрү 17-19-июль күндөрү жолугушкан. Анда казак тарап Жамбыл облусундагы кургакчылыктан улам суунун көлөмүн көбөйтүүнү, тагыраагы, графикте секундасына 40 метр куб каралса, 18-31-июлга чейин 45 метр куб суу берүүнү өтүнгөн. Кыргыз тарап мындай учурда 4-августта Казакстандын үлүшү түгөнүп каларын эскерткен. Ошого карабай графиктен көбүрөөк алууга макул болушкан. Буга байланыштуу суу 4-августтан тарта токтотулган.

"Ошол эле маалда Кыргызстандын дагы фермерлери сууга аябай муктаж болуп турган, бирок үнөмдүү пайдалануу максатында чектөөлөр киргизилип, график менен берилип жатты. Бүгүнкүгө чейин

Талас өрөөнүндө суу өтө тартыш болуп жатканын белгилей кетүү керек. Казакстандын экология жана жаратылыш ресурстары боюнча вице-министри Галидулла Азидуллин менен Кыргызстандын Суу ресуртары кызматынын директору Алмазбек Сокеев августтун 2-декадасынан баштап казак тарапка суу берүүнү токтотуу протоколуна кол коюшкан. Эгер суу көп топтолуп калса, коё берүү шарты айтылган.

Тилекке каршы, Киров суу сактагычына суу аз чогулууда, былтыр ушул маалда секундасына 13,7 метр куб суу агып кирсе, азыр 1 метр куб араң келип жатат", - деп жазылат маалыматта.

Ошону менен бирге Казакстандын чек араны бойлой аккан Талас дарыясынан секундасына 5-8 метр кубга чейин суу алуу мүмкүнчүлүгү бар экени белгиленди.

Белгилей кетсек, буга чейин айрым ЖМКлар Кыргызстан коңшу өлкөгө суу берүүнү токтоткону тууралуу жазып чыгышкан.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/13947