Мектеп директорлору менен орун басарларынын айлыгы көтөрүлөт. Бирок баарыныкы эмес
RU

Мектеп директорлору менен орун басарларынын айлыгы көтөрүлөт. Бирок баарыныкы эмес

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Сентябрь айында мектеп директорлору менен алардын орун басарларынын айлыктары көтөрүлөт. Маянаны жогорулатууну былтыр Министрлер кабинети убада кылган, бирок ал эми гана ишке ашат.

Билим берүү министрлиги директорлор менен завучтардын айлыгы 50%га көтөрүлөрүн билдирди. Укук коргоочу Анара Дауталиева Kaktus.media сайтына жогорулатылган айлыкты баары эле ала бербейт дейт. Мындан улам редакция Министрлер кабинетинин токтомдору менен таанышты.

2022-жылдын мартында кол коюлган жарлык мугалимдердин айлыгын көтөрүү тууралуу гана болгон. Ал эми дминистрациянын эмгек акысы төмөнкүдөй болгон:

2023-жылдын 14-августунда кол коюлган токтомдо администрациянын эмгек акысы 50%га көтөрүлгөн. Бирок ал директорлорго жана окуу-тарбия иштери боюнча орун басарларга гана тиешелүү экен.

Калган орун басарлардын – тарбия иштери боюнча, уюштуруу иштери боюнча, башталгыч класстын жана башка иштер боюнча орун басарлардын айлыгы өзгөрбөйт.

Билим берүү министрлиги Kaktus.mediaга бул боюнча кийинчерээк комментарий бере турганын билдирди.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/14071