Мектеп директорлору жана орун басарларынын маянасы сентябрдан тарта көбөйөт
RU

Мектеп директорлору жана орун басарларынын маянасы сентябрдан тарта көбөйөт

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

1-сентябрдан тартып мектеп директорлорунун жана директорлордун орун басарларынын айлыгы 50%га жогорулайт. Бул туурасында Билим берүү жана илим министрлигинин маалыматында айтылат.

Министрлер кабинетинин 2023-жылдын 14-августунда "Мугалимдердин жана мугалимдердин айрым категорияларынын эмгек акысын төлөө шарттары жөнүндө" токтомуна өзгөртүүлөр киргизилди. Анда билим берүү системасынын кызматкерлеринин 2022-жылдын 30-мартындагы №181 токтомуна ылайык, жалпы билим берүү уюмдарынын, атайын мектептердин, бардык типтеги жана аталыштагы мектеп-интернаттарынын директорлорунун жана директорлорунун орун басарларынын кызматтык маяналары 50%га жогорулатылды.

2023-жылдын 1-сентябрынан билим берүү уюмдарынын жетекчилеринин орточо эмгек акысы төмөндөгүдөй болот:

Окуучунун саныДиректорДиректордун окуу-тарбия иштери боюнча орун басарлары
100гө чейин24 00021 000
100дөн 600гө чейин27 00024 000
600дөн 1200гө чейин30 00027 000
1200дөн 1800гө чейин33 00030 000
1800дөн өйдө36 00033 000
Орточо эмгек акысы30 00027 000

Башкы беттеги сүрөт иллюстрациялык: Табылды Кадырбеков.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/14047