Бостеридеги 23 жаштагы эс алуучунун өлүмү. Дагы 2 милиция кармалды
RU

Бостеридеги 23 жаштагы эс алуучунун өлүмү. Дагы 2 милиция кармалды

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Ысык-Көл облусунун "Золотые пески" пансионатындагы пляжда каза болгон 23 жаштагы жигиттин өлүмү боюнча дагы 2 милиция кызматкери кармалды. Маалыматты облустук ички иштер башкармалыгынан Kaktus.kg сайтына ырастады.

Белгилүү болгондой, Кылмыш-жаза кодексинин "Кызмат абалын кыянаттык менен пайдалануу" беренеси боюнча козголгон кылмыш ишинин алкагында 22-августта дагы эки милиция кызматкери кармалды. Бүгүн, 24-августта алардын бөгөт чарасы каралат.

*****

Эске салсак, 6-августтун таңында "Золотые пески" пансионатынын пляжында Талас облусунун 23 жаштагы А.Б. аттуу тургуну каза болгон. Маркум ур-токмоктон каза болгонун агасы менен достору айтып, адилеттүү териштирип берүүнү суранышкан. Ал эми облустук милиция ур-токмок болбогонун, маркум эпилепсиядан каза болгон деген версияны айтышкан.

Бул окуя талаш жараткандыктан Бостеринин тургундары, жардам көрсөткөн медайым кайрылуу жасашкан.

Бул каргашага президент Садыр Жапаров реакция кылып, жеке көзөмөлүнө алган.

Ишти дыкат текшерүү үчүн атайын тергөө-ыкчам тобу түзүлүп, шектүү катары 4 адам кармалып, 2 айга камакка алынган. Андан кийин 3 милиция кызматкери кармалып, СИЗОго киргизилген.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/14096