Бостериде каза тапкан жигиттин өлүмүнө шектүүлөр кармалды. Сүрөт
RU

Бостериде каза тапкан жигиттин өлүмүнө шектүүлөр кармалды. Сүрөт

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Ысык-Көлдөгү пляжда каза болгон 23 жаштагы жигиттин өлүмү боюнча 4 адам кармалды. Бул тууралуу ИИМден кабарлашты.

Белгилесек, 6-августта Бостери айылындагы "Золотые пески" пансионатынын көл жээгинде Талас облусунун 23 жаштагы А.Б. аттуу тургуну каза болгон. Анын өлүмү боюнча сотко чейинки өндүрүш ишин ар тараптуу жана объективдүү териштирүү максатында ИИМдин жана Ысык-Көл облустук ички иштер башкармалыгынын көп жылдык эмгек стажы бар жана тажрыйбалуу милиция кызматкерлеринен турган атайын тергөө-ыкчам тобу түзүлгөн болчу.

8-августта Ысык-Көл РИИБдин тергөө кызматы тарабынан аталган окуя боюнча чогулган маалыматтардын негизинде бул факты кылмыштардын бирдиктүү реестрине катталып, 122-берене (Адам өлтүрүү) менен кылмыш иши козголгон.

Түзүлгөн атайын тергөө-ыкчам тобу тарабынан каза болгон жарандын өлүмүнүн себептерин аныктоо үчүн көлөмдүү иликтөө иштери турмушка ашырылып, кошумча күбөлөр аныкталып, сурамжылоо жүргүзүлгөн. Өлүмдүн себебин аныктоо максатында кошумча соттук-медициналык жана соттук-химиялык экспертизалар дайындалган.

Андан тышкары 100дөн ашык жаран суралып, анын ичинен 44 күбө окуя боюнча көрсөтмө беришкен. Алардын берген көргөзмөлөрү боюнча тыкыр иликтөө иштери жүрүп, убактылары менен териштирүү жана салыштыруу иштери колго алынган. Натыйжада күбө катары суракка алынган жарандардын айрымдары жалган көрсөтмө беришкендиктен, учурда алардын аракеттерине укуктук баа берилүүдө.

Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза процессуалдык кодексинин 220-беренесинин (Атайын тергөө аракеттеринин түрлөрү) негизинде сотко атайын тергөө амалдарын жүргүзүү жөнүндө өтүнүчтөр киргизилип, санкциялар алынды жана атайын тергөө аракеттери ишке ашырылды.

Тергөө иш-чараларынын натыйжасында кылмышка шектүү жарандар аныкталып, Ысык-Көл РИИБдин тергөө кызматына өткөрүлүп берилди. Алар мурда соттолгон Бишкек шаарынын 32 жаштагы тургуну Б.Б., Ысык-Көл облусунун Бостери айылынын тургундары 28 жаштагы Ж.Р. жана А.У., ошондой эле 29 жаштагы Э.А.

Шектүүлөр Ысык-Көл райондук сотунун чечими менен 2 айга камакка алынды. Учурда козголгон кылмыш ишинин алкагында окуянын жагдайлары жана себептерин аныктоо боюнча тергөө амалдары уланууда.

*****

Эске салсак, 6-августтун таңында "Золотые пески" пансионатынын пляжында Талас облусунун 23 жаштагы А.Б. аттуу тургуну каза болгон. Маркум ур-токмоктон каза болгонун агасы менен достору айтып, адилеттүү териштирип берүүнү суранышкан. Ал эми облустук милиция ур-токмок болбогонун, маркум эпилепсиядан каза болгон деген версияны айтышкан.

Бул окуя талаш жараткандыктан Бостеринин тургундары, жардам көрсөткөн медайым кайрылуу жасашкан.

Бул каргашага президент Садыр Жапаров реакция кылып, жеке көзөмөлүнө алган.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/13932