Атайылап баңгизат ыргытып, акча талап кылганга шектелген 3 милиция СИЗОго киргизилди
RU

Атайылап баңгизат ыргытып, акча талап кылганга шектелген 3 милиция СИЗОго киргизилди

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Баңгизаттарды мыйзамсыз жүгүртүүгө каршы күрөшүү кызматынын үч кызматкери СИЗОго киргизилди. Бул тууралуу Kaktus.media сайтына Бишкектин Биринчи Май райондук сотунан билдиришти.

Маалым болгондой, 23-августта райондук соттун тергөө судьясы ИИМдин Башкы тергөө башкармалыгынын тергөөчүлөрүнүн өтүнүчүн карады. Сот Баңгизаттарды мыйзамсыз жүгүртүүгө каршы күрөшүү кызматтын үч кызматкерин 29-сентябрга чейин Бишкектеги СИЗО-1ге камоо чечимин кабыл алды.

Эске салсак, буга чейин Чүй облустук ички иштер башкы башкармалыгынын Баңгизаттарды мыйзамсыз жүгүртүүгө каршы күрөшүү кызматынын кызматкери жана ыкчам чара көрүү атайын кызматтын эки жоокери кармалган.

Тергөө иштерин Ички иштер министрлигинин Башкы тергөө башкармалыгы жүргүзүүдө.

Башкы беттеги сүрөт иллюстрациялык.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/14100