Кызыл-Кыяда жолбун ит 8 адамды тиштеп салган. Аларга кутурмага каршы эмдөө дайындалды
RU

Кызыл-Кыяда жолбун ит 8 адамды тиштеп салган. Аларга кутурмага каршы эмдөө дайындалды

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Баткен облусунун Кызыл-Кыя шаарында жолбун ит тиштеп алган сегиз бейтап ооруканага жаткырылды. Буул тууралуу Саламаттыкты сактоо министрлиги маалымдады.

"Эпидемиологиялык иликтөө иштеринин натыйжасында Кызыл-Кыя шаарынын 8 тургунун 1 белгисиз ит тиштеп алганы аныкталган. Ит табылып жок кылынды. Баткендеги ветеринардык лабораторияга кийинки изилдөө үчүн патологиялык материал (иттин мээси) алынды. Ошондой эле бул ит 3 баш бодо малды тиштеп алган, алар 10 күндүк байкоодо турат", - дешет ведомстводон.

Жабыркагандардын бардыгы Кызыл-Кыя шаарындагы медициналык жардам көрсөтүү борборунун травматология бөлүмүнө жаткырылып, аларга кутурмага каршы иммуноглобулин жана кутурмага каршы вакцинанын шартсыз курсу дайындалган.

Инфекциянын жайылышын алдын алуу боюнча эпидемияга жана эпизоотияга каршы иш-чаралар улантылып жатканын кошумчадашты министрликтен.

Башкы беттеги сүрөт иллюстрациялык: PIXELS.COM.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/14126