"Жайлоодо бош жүргөн итти кармаган". Чоң-Алайда ит тиштеген киши каза болду
RU

"Жайлоодо бош жүргөн итти кармаган". Чоң-Алайда ит тиштеген киши каза болду

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Ош облусунун Чоң-Алай районунда ит тиштеп алган адам каза болду. Маалыматты Коомдук саламаттыкты сактоо башкармалыгынан Kaktus.kg сайтына ырасташты.

Такталгандай, 18-июлда 16:00дө Чоң-Алай районундагы жалпы дарыгердик борбордун жугуштуу оорулар бөлүмүнө Жекенди айылынын тургуну жаткан. Ал гидрофобия болуп жатканын айтып, суу ичпей койгон. Эртеси күнү симптомдору көбөйө баштаган - фотофобия, акустикофобия, галлюцинация, баш оору, алсыроо, тынчсыздануу пайда болгон.

Клиникалык белгилердин негизинде алдын ала кутурма диагнозу коюлган. 21-июлда бейтап каза болгон. Акыркы диагноз соттук-медициналык экспертизанын жыйынтыгы менен гана коюлат дешет башкармалыктан.

"Бейтап дарыгерлерге 3 ай мурун жайлоодо жүргөн итти кармап, аны байлап жатканда колун тиштеп алганын айткан. Ал убагында дарыгерлерге кайрылбай, үй-бүлөсүндө 3 адам (жубайы, эки баласы) менен контакт болгон. Алардын саламаттыгы жакшы, жакындары эмдөөдөн өттү, дарыгерлердин тыкыр көзөмөлүндө", - деп кошумчалашты

Башкы беттеги сүрөт иллюстрациялык.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/13619