Чет элдик аял Кыргызстандан 5 млн сомдук алтын жасалгаларды чыгарып кетүүгө аракет кылган
RU

Чет элдик аял Кыргызстандан 5 млн сомдук алтын жасалгаларды чыгарып кетүүгө аракет кылган

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

"Ош-аэропорт" көзөмөл-өткөрүү жайынын чек арачылары мамлекеттик чек арадан 5 млн сомдук алтын жасалгаларын мыйзамсыз алып өтүүгө аракет кылган жаранды кармашты. Бул туурасында Чек ара кызматынан маалымдашты.

Такталгандай, Ош-Стамбул багыты боюнча жүргүнчүлөрдү чек ара көзөмөлүнөн өткөрүүдө Өзбекстандын 1978-жылы туулган Т.С. аттуу жараны өзгөчө тынчсызданып, шек жараткан.

УКМКнын аймактык структурасынын кызматкерлери менен биргеликте тиешелүү иш-чараларды жүргүзүү учурунда Т.С. аттуу жаран салмагы 848 граммды түзгөн алтын жасалгаларды Кыргызсиандын бажы мыйзамын кыйгап өтүп (декларциядан өткөрбөй туруп) өтүүгө аракет кылган.

Алдын ала алынган маалыматтарга ылайык, кармалган алтын жасалгалардын баасы 5 млн сомдон жогору.

Тиешелүү документтер толтурулган соң кармалган жаран жана алтын жасалгалар андан аркы териштирүүлөр үчүн компетенттүү органдарга өткөрүлдү.

Башкы беттеги сүрөт иллюстрациялык.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/14212