Коңшу өлкөдөн Кыргызстандын аймагына мыйзамсыз ташылган дары-дармектер аныкталды
RU

Коңшу өлкөдөн Кыргызстандын аймагына мыйзамсыз ташылган дары-дармектер аныкталды

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Лейлекте милиция кызматкерлери дары-дармектерди мыйзамсыз ташыган жаранды кармашты. Баткен ОИИБдин маалыматында шектүү коңшу өлкөнүн жараны экени айтылат.

Белгилүү болгондой, Тажикстандын жараны 51 жаштагы Х.А. менен Лейлек районунун тургуну 37 жаштагы Э.М. акча табуу максатында алдын ала сүйлөшүп алышып, эч кандай документи жок дары-дармектерди Тажикстандан Кыргызстанга мыйзамсыз киргизишкен. Коңшу мамлекеттин жараны түн ичинде Лейлек районунун Борбордук айылында унаасынан дарыларды түшүрүп жатканда кармалган.

Ага карата 231-берене (Экономикалык контрабанда) жана 378-берене (Мамлекеттик чек арадан мыйзамсыз өтүү) боюнча кылмыш иши козголуп, убактылуу кармоочу жайга киргизилди.

Жогорудагы фактылар боюнча топтолгон материал УКМКга жөнөтүлдү.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/13538