Тополоң менен аяктаган көк бөрү. Таласта 4 адамды сабагандар кармалды
RU

Тополоң менен аяктаган көк бөрү. Таласта 4 адамды сабагандар кармалды

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Таласта төрт жаранды коркутуп сабаган жарандар кармалды. Бул тууралуу облустук ички иштер башкармалыгынан кабарлашты.

Белгилесек, 1-сентябрга караган түнү интернетке белгисиз жарандарды сабап, "Оштуктар өтпөй калат бул жолдон"деп коркутуп жаткан видео тараган. Анда эгемендүүлүк күнүнө арналган көк бөрү оюунунун аягында болгон чатакты себеп кылып, белгисиз жарандар 4 адамды коркуткан.

Аталган факты Талас ОИИБдин маалыматтык-электрондук журналына катталып, тергөөгө чейинки текшерүү иштери башталган.

Текшерүү иштерине облустук, шаардык милиция бөлүмдөрү тартылып, Манас районунун Чоң-Капка чек ара өткөрмө постунан Өтмөк ашуусуна чейинки жолго атайын посттор коюлган.

Милиция кызматкерлери менен УКМК биргеликте ыкчам иш алып барып, төмөнкүлөрдү аныктаган. Сабалган 4 жаран Ош облусунун тургундары болушкан, алар унаа менен Россиядан чыгып, Казакстандан өтүп, Тараз-Талас-Суусамыр жолу аркылуу Ош облусуна бара жатышкан.

1-сентябрда аларды коркутуп, сабоого шектүүлөр кармалып, Талас ОИИБдин тергөө бөлүмүнө жеткирилди. Кармалгандар: 1995-жылы туулган М.уулу Н., Р.Б., К.уулу Ш., А.А., Р.Б. аттуу Талас облусунун экендиги аныкталган.

Аталган факты боюнча 330-берене (Расалык, этностук, улуттук, диний же региондор аралык кастыкты (араздашууну) козутуу менен кылмыш иши козголуп, тиешелүү соттук экспертизалар дайындалды. Учурда тергөө жана иликтөө иштери жүрүп жатат.

*****

Эске салсак, 31-августта Ош шаарында Кыргызстандын эгемендүүлүгүнүн 32 жылдыгына карата президенттик көк бөрү боюнча турнир өткөн. Финалга "Достук" (Ош) жана "Ынтымак" (Талас) командалары чыгып, оюндун жыйынтыгында жеңиш "Ынтымак" командасына ыйгарылып, буга көрүүчүлөр нааразы болушкан. Нааразы болгон көрүүчүлөрдүн тобу оюн талаага чуркап чыгып, тополоң башталган.

Оюндун финалына Садыр Жапаров да күбө болгон. Кийинчерээк УКМКнын төрагасы Камчыбек Ташиев тополоңду баштагандарды, катышкандарды аныктап, жоопкерчиликке тартуу боюнча тапшырмаларды бергенин айтты.

Саламаттыкты сактоо министрлигинин облустагы координатору тополоңдо жүздөй адам жабыркаганын билдирген.

Ош облустук милициядан тополоңдун катышуучусу делинген 25 адам кармалып, суракка жеткирилгенин маалымдаган.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/14219