Көк бөрү оюнундагы тополоңго байланыштуу 25 адам кармалды. Сүрөт
RU

Көк бөрү оюнундагы тополоңго байланыштуу 25 адам кармалды. Сүрөт

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Ош облусунда өткөн көк бөрү оюнунда коомдук тартипти бузган жана чагымчылдык аракеттерди жасаганга шектелген 25 жаран аныкталып, Ош облустук ички иштер башкармалыгынын кызматкерлери тарабынан кармалды. Бул туурасында облустук милициядан кабарлашты.

Окуя боюнча мыйзам бузууларга, коомдук тартипти бузууга жана чагымчылдык жасооого байланышкан жагдайлар аныкталса мыйзам чегинде жоопкерчиликке тартылышат. Азыркы учурда тергөө-оперативдик тактоо иштери жүрүп жатат.

Ал эми ооруканга 7 жаран кайрылган, анын ичинен 1 кызматкер бар.

Мындан сырткары көк бөрү оюнунда Ош облустук тез жардам кызматынын унаасынын терезелери талкаландыгы боюнча маалымат электрондук журналга катталды дешет милициядан.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/14211