Министр: Ар бир директорго жылына 700 миң сом сарпталат. Алар эмнени көрсөтүп жатат?!
RU

Министр: Ар бир директорго жылына 700 миң сом сарпталат. Алар эмнени көрсөтүп жатат?!

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Бүгүн, 6-августта Бишкек шаарындагы мектеп директорлорунун катышуусунда Билим берүү министрлигинин жыйыны өтүүдө. Билим берүү жана илим министри Каныбек Иманалиев айрым облустук мектептер кызыл аттестаттын саны жана бүтүрүүчүлөрдү бюджеттик бөлүмдөргө кабыл алуу боюнча борбордогу билим берүү мекемелеринен алдыда экенин белгиледи. Мисал катары ал Ноокат районундагы "Билимкана" лицейин келтирди.

"Мектептин тарыхында окуучулары 196 алтын медалга ээ болушкан. Мектепти 1247 бүтүрүүчү аяктап, алардын баары бюджеттик бөлүмдөргө тапшырышкан. Бул укмуштуудай натыйжа. Ошол эле учурда аталган мектептин алгылыктуу спорт залы жок. Бул мектептин мугалимдери башкалардай эле айлык алышат. Демек, баары каржылоодон көз каранды эмес. Көп нерсе директордон, мугалимдерден көз каранды. Бишкектеги мектептердин инфраструктурасы өнүккөн, бирок андай жыйынтык бербей жатат", - деди министр.

Каныбек Иманалиев ошондой эле кыргызстандык окуучулардын Венгрияда өткөн информатика боюнча олимпиадага катышканын мисал кылды.

"Сапат" лицейлеринин бүтүрүүчүлөрү олимпиадага барып, медаль алышты. Алдыңкы мектептин, мисалы №61-мектептин жыйынтыгы кайда? Өлкө ар бир директорго жылына 700 миң сомдун тегерегинде акча коротот, өлкө акыркы тыйынына сиздерге иштөөгө шарт түзүп берип жатат. Анан эмнени көрсөтүп жатасыздар?!", - деди министр.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/14271