Бишкекте мектеп директору окуучуну которуу үчүн акча алган деп кармалды
RU

Бишкекте мектеп директору окуучуну которуу үчүн акча алган деп кармалды

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Бир аптанын ичинде Бишкектеги мектептерге окуучуну кабыл алууда мыйзамсыз акча талап кылган 4 факты аныкталды. Бул туурасында УКМКдан кабарлашты.

Маалым болгондой, коопсуздук комитети жаңы окуу жылынын башталышынын алдында Бишкек шаарында окуучуларды 1-класска кабыл алуу жана бир мектептен экинчисине которууда мыйзамсыз түрдө акча талап кылуу, коррупциялык көрүнүштөрдү жоюу боюнча максаттуу иш-чаралардын комплексин жүргүздү.

Анын алкагында 1-сентябрда окуучуну башка мектепке которуу маселеси оң жагына чечилиши үчүн 5000 сом өлчөмүндө акча каражатын алган борбор калаадагы мектептердин биринин дагы бир директору А.Г.Б. кармалып, УКМКнын тергөө абагынын убактылуу кармоочу жайына киргизилди.

Президенттин "Балдардын акысыз билим алууга укуктарын ишке ашыруунун мамлекеттик кепилдиктерин камсыз кылуу боюнча чаралар жөнүндө" жарлыгына ылайык, мектептерде, мамлекеттик билим берүү уюмдарында мыйзамсыз акча чогултууга жана ар кандай коомдук фонддорду түзүүгө тыюу салынат жана бардыгы мамлекеттик бюджеттен камсыздалат деп жазылган.

Буга байланыштуу УКМК билим берүү мекемелеринин жетекчилерин мыйзамсыз, анын ичинде мектептерде ар кандай коомдук фонддорду түзүү жолу менен акча чогултуу практикасынан баш тартууга, мындай фактылар үчүн кылмыш жоопкерчилигине тартыларын эскертет.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/14220