Төрага Шакиев матчество боюнча чечим кабыл алган соттордун кызматтан кетүүсүн талап кылды
RU

Төрага Шакиев матчество боюнча чечим кабыл алган соттордун кызматтан кетүүсүн талап кылды

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Жогорку Кеңештин төрагасы Нурланбек Шакиев матчество боюнча чечим кабыл алган Конституциялык соттун төрагасы баш болгон жалпы курамдын толугу менен жумуштан кетишин талап кылды. Бул тууралуу ал бүгүн, 6-сентябрда Жогорку Кеңештин жыйында билдирди.

Шакиев белгилегендей, Конституциялык соттун мындай чечими кыргыз эли үчүн чон сокку болду.

"Бул коомчулукта чоң резонанс жаратты. Элге, улутка бул чечим чоң сокку болду. Биздин өлкөбүздө мындай болбошу керек болчу. Өзүмдүн пикиримди айта турган болсом, ушул чечимди кабыл алган Конституциялык сот, анын төрагасы токтоосуз түрдө кызматтан кетиши керек.

Чечим кабыл алган Конституциялык соттун төрагасы баш болгон курамын токтоосуз түрдө кызматтан кетишин талап кылам. Абдан уят иш болду.

Кыргызга мындай кыянатчылык кылган, элдин наалатына калган, келечекке балта чапкан мындай осол иш болбошу керек эле. Айла жок ушундай маселелерди оңдоо үчүн Конституциялык соттун чечимин жокко чыгарууга мүмкүнчүлүк бере турган мыйзам долбоору киргизилди. Бүгүн аны карап чыгалы", - деди спикер.

Эске салсак, 2-июлда активист Алтын Капалова Конституциялык сот балдар 16 жашка чыккандан кийин паспортуна атасынын ысымынын ордуна энесинин атын жаздырууга укуктуу деген чечим чыгарганын билдирген. Бул коомдо чуулу талкууну жаратып, көбү каршы пикирин айтышкан.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/14274