Депутат Конституциялык соттун матчество боюнча чечимине нааразы болду
RU

Депутат Конституциялык соттун матчество боюнча чечимине нааразы болду

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Жогорку Кеңештин 6-сентябрдагы жыйынында депутат Мейкинбек Абдалиев Конституциялык соттун матчествого байланыштуу чечимине нааразы болду. Ал кыргыз элин чоң-чоң өлкөлөр мурдатан эле жок кылууга аракет кылышканын, азыр да улантып жатышканын айтат.

"Бирок биз кыргыз эли үрп-адатыбыз, наркыбыз, салтыбыз, улуттук оюндарыбыз, жети атабызды билгенибиз менен өсүп, өнүгүп келе жатабыз. Биз каникулда жүргөн кезде матчество боюнча чечим чыгарышыптыр. Бул өтө туура эмес. Биздин улутубуздун, мамлекетибиздин келечеги үчүн туура эмес маселе", - деди ал.

Эл өкүлү ушул маселени парламеттин жыйынында кароону сунуштады.

Эске салсак, 2-июлда активист Алтын Капалова Конституциялык сот балдар 16 жашка чыккандан кийин паспортуна атасынын ысымынын ордуна энесинин атын жаздырууга укуктуу деген чечим чыгарганын билдирген. Бул коомдо чуулу талкууну жаратып, көбү каршы пикирин айтышкан.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/14272