Турсунбай Бакир уулу шайлоого катышуудан баш тартарын айткан. Бирок арызы БШКга түшкөн жок
RU

Турсунбай Бакир уулу шайлоого катышуудан баш тартарын айткан. Бирок арызы БШКга түшкөн жок

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Шайлоо жана референдум ѳткѳрүү боюнча борбордук комиссиясына Ленин шайлоо округу боюнча парламенттин депутаттыгына талапкер Турсунбай Бакир уулунан шайлоого катышуудан баш тартуу тууралуу арыз түшкөн эмес. Маалыматты БШКдан кабарлашты.

Белгилесек, 5-сентябрда УТРКда өткөн теледебатта Турсунбай Бакир уулу "бир талапкердин пайдасына" шайлоого катышуудан баш тартарын билдирген.

БШКнын үгүт жүргүзүү боюнча жумушчу тобу депутаттыкка талапкерлерди шайлоочулардын алдында жооптуу болууга жана шайлоого ак ниет менен катышууга чакырат.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/14285