Ленин районундагы шайлоо. Турсунбай Бакир уулу эскертүү алды
RU

Ленин районундагы шайлоо. Турсунбай Бакир уулу эскертүү алды

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Борбордук шайлоо комиссиясынын даттануулар боюнча жумушчу тобу Жогорку Кеңештин депутаттыгына талапкер Турсунбай Бакир уулуна эскертүү берди. Мындай чечим үгүт иштери башталаар алдында Ленин шайлоо округуна үгүт плакаттары илинип калгандыктан кабыл алынганын талапкердин ыйгарым укуктуу өкүлү билдирди.

Турсунбай Бакир уулуна буга чейин дагы бир талапкер – Лейла Саралаева арызданган. Анын айтымында, 2023-жылдын 11-августунда КР БШК Жогорку Кеңештин депутаттыгына талапкерлерди, анын ичинде Турсунбай Бакир уулун да каттаган. Ал эми бул талапкер үгүт материалдарын Бакаев менен Гагарин, Асаналиев жана Гагарин көчөлөрүнүн кесилишине баннер түрүндө илип койгон.

Эске салсак, БШК талапкерлерди каттоону 20-августта аяктайт. 21-августта саат 08:00дө үгүт иштери башталып, 9-сентябрда саат 08:00дө аяктайт. 10-сентябрда бир мандаттуу Ленин шайлоо округунда парламенттин депутатын кайра шайлоо өтөт.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/14014