Мыйзам долбоорду талкуулап жатып Kaktus.media жана 24.kg'ни залдан чыгып кеткиле деди
RU

Мыйзам долбоорду талкуулап жатып Kaktus.media жана 24.kg'ни залдан чыгып кеткиле деди

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Бишкекте кылмыш кодексин мыктылоо боюнча жумушчу топтун жыйыны өтүп жатат.

Жыйындын жүрүшүндө Курманкул Зулушев журналисттерден залдан чыгып кетүүсүн талап кылды.

Анын айтымында, учурда жаңы кылмыш мыйзамдын долбоорун талкулоо жүрүп жатат.

Коомдук ишмер Токтайым Үмөталиева бардык журналисттерге бирдей укутар берилүүгө тийиш экенин айтты.

"Бир бардыгыбыз бир добуш беришибиз керек. Эгер уруксат беребесек, анда эч ким кирбесин бул жерге. Эгер урукст берсек, анда бардыгына отуруп, көрүп, байкоо жүргүзүүгө мүмкүнчүлүк берели. Пресса катышкысы келип жатабы, юристтери менен катышып, сунуштарын айтышсын", - деди Токтайым Үмөталиева.

Андан кийин Зулушев Kaktus.media жана 24.kg'нин журналистерин залдан чыгып кетүүсүн талап кылды. Башка ММКлар чыкты, силер да чыккыла, деген таризде. Белгилей кетсек, жыйын ачык форматта өтүп жаткан. Залда айрым мамлекеттик ММКлардын өкүлдөрү гана калды.

Эске салсак, 26-апрелде Kaktus.media жана 24.kg сайттары генералдык прокурор Курманкул Зулушев соттук-укуктук реформа боюнча жумушчу группанын биринчи жыйынында КРдин Жазык кодексинин 164-беренесинин "Он алты жашка жетелек адам менен сексуалдык мүнөздөгү аракеттер" көйгөлүү беренеге комментарий берген.

Башкы прокуратуранын пикири боюнча ММКлар Зулушевдин сөзүн бурмалап салышкан.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/1429