Генпрокурор: Кылмыш иштери салт санааны эске алуу менен каралууга тийиш
RU

Генпрокурор: Кылмыш иштери салт санааны эске алуу менен каралууга тийиш

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Бүгүн, 26-апрелде, соттук-укуктук реформа боюнча жумушчу группанын биринчи жыйынында Генпрокурор Курманкул Зулушев КРдин Жазык кодексинин 164-беренесинин "Он алты жашка жетелек адам менен сексуалдык мүнөздөгү аракеттер" көйгөлөрүн белгиледи.

Зулушевдин айтымында, Кыргызстанда сексуалдык мүнөздөгү аракеттер болгондугу көбүн эсе төрөт үйлөрүндө гана аныкталып жатат.

"17 жаштагы кыз төрөгөндөн кийин гана белгилүү болууда. Жыйынтыгында алар баш кошуп, күйөөсү менен үй-бүлө куруп жашап аткан болот. Андан кийин тергөө анын күйөөсүнүн иш аракетине юридикалык баа берет. Бул үчүн 7 жыл 6 айдан тартып, 10 жылга чейин эркинен ажыратуу каралат. Ошол эле учурда, менин пикирим боюнча, биздин менталитетти жана салт санааны эске алуу керек", - деди башкы прокурор.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/1419