Азербайжандык инвесторлорго мейманкана курууга Ысык-Көлдөн 17 гектар жер бөлүү каралууда
RU

Азербайжандык инвесторлорго мейманкана курууга Ысык-Көлдөн 17 гектар жер бөлүү каралууда

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Министрлер кабинети Ысык-Көлдүн жээгинен Азербайжанга мейманкана куруу үчүн 17 гектар жер берет. Тиешелүү макулдашуу Жогорку Кеңештин бюджет комитетинин кароосуна жөнөтүлгөнүн депутат Дастан Бекешев өзүнүн Telegram каналында билдирди.

Кеп Ысык-Көлдүн жээгине беш жылдыздуу мейманкана куруу тууралуу болуп жатат. Бул үчүн министрлер кабинети тарабынан Кара-Ой айылынан 17 гектар жер бөлүнөт: 12 гектар жер өздөштүрүлөт, 4 гектар сейил бак жана 1 гектар пляж үчүн жарандарга жеткиликтүү.

Бекешевдин айтымында, министрлер кабинети пансионаттын инфраструктурасын курууга жана жол курууга, мейманкананы 10 жылга салыктан бошотууга, 49 жылга жерди пайдалануу укугун узартууга, ал эми Азербайжан мейманкананы үч жылда курууга милдеттендирилет жана жумушчулардын 70% кыргызстандыктар болууга тийиш.

"Ушундай шарттар менен пансионаттарды курууга макул боло турган жергиликтүү ишкерлер барбы? Жергиликтүү инвесторлорго министрлер кабинети дагы ушундай шарттарды түзүп береби?", - деди депутат.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/14343