Садыр Жапаров Ысык-Көлдөгү 15 пансионат 49 жылга ижарага берилерин айтты. Шарттары
RU

Садыр Жапаров Ысык-Көлдөгү 15 пансионат 49 жылга ижарага берилерин айтты. Шарттары

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Өлкө башчы Садыр Жапаровдун Facebook баракчасына Ысык-Көлдөгү пансионаттар боюнча билдирүү жарыяланды. Анда президент ишкерлерге, чет элдик инвесторлорго кайрылат.

Айтымында, Ысык-Көлдүн айлана-тегерегинде бүгүнкү күндө каралбай, эскилиги жеткен 15 пансионат бар. Алар мамлекеттики же мамлекеттик мекемелердики дейт.

Булар илгертен бери кароосуз калган же жакшы каралбай келет. Ушул пансионаттарды 49 жылга ижарага беребиз.

"Инвестиция салам, мен алам" деген ата мекендик байларыбызды, чет өлкөлүк инвесторлорду чакырам. Келиңиздер, алыңыздар. 3, 4, 5 жылдыздуу мейманканаларды салып иштетиңиздер. Албетте, салган инвестицияңарды кыска убакытта кайра чыгарып аласыңар дегенден алысмын. Бирок 49 жылда 3-4 эсе актайт деп ишенем", - деп айтылат билдирүүдө.

Сунуш кимди кызыктырган болсо Мамлекеттик мүлк фондуна кайрылса болот. Садыр Жапаров белгилеп өткөн негизги шарттар:

  • дароо инвестиция салып баштоо;
  • 3 жылдыздуудан жогорку мейманканалар, коттедждер жана башкаларды куруу (Садыр Жапаров: "акчаң болсо эки жылда кычыраган пансионат кылып алсаң болот");
  • 49 жылга алдым деп 5-10 жыл эч нерсе салбай басып жата берген жарабайт;
  • субарендага уруксат жок.

Калган маалыматтарды мамлекеттик мүлк фондунан тактоо керек.

Президент ошондой эле мамлекет эмнеге бул паснионттарды оңдобой турганын түшүндүргөн.

"Эмнеге мамлекеттин акчасын салып оңдоп койбойсуңар?" деген жарандарыбызды угуп жүрөм. Кудайга шүгүр мамлекетте акчабыз жок эмес, бар. Эмне деген иштерди жасап жатканыбызга күбө болуп жатасыңар. Мамлекеттин акчасын узак мөөнөттө актай турган бизнеске салуу максатсыз. Баарын эсептеп чыктык. Ошондуктан салбайбыз", - дейт.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/14162