25 жаштагы жигит мурда иштеген жайга уурулукка кирген. Видео
RU

25 жаштагы жигит мурда иштеген жайга уурулукка кирген. Видео

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Бишкекте 25 жаштагы жигит өзү иштеген мекемеге уурулукка кирген. Ленин РИИБден билдиришкендей, шектүү кармалды.

Такталгандай, 22-августта Бишкектин тургуну А.Н. арыз менен милицияга кайрылган. Анда 22-августка караган түнү саат 00:20 чамасында белгисиз адам Сыдыков көчөсүндөгү кофеканага кирип, кассадан 11 миң сом уурдап кеткенин айткан.

Бул факты боюнча 205-берене ("Уурулук") менен иш козголуп, тергөө башталган.

Териштирүүнүн жүрүшүндө шектүү катары 1998-жылы туулган Б.К. кармалып, тергөө кызматына жеткирилген. Такталгандай, шектүү мурда аталган кофеканада иштеп кеткен. Анда аталган жайдын ачкычы болгон.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/14385