"Атаңды каматып, апаңды өлтүрүп кетем". Зомбулукка кабылган өспүрүмдүн окуясы (видео)
RU

"Атаңды каматып, апаңды өлтүрүп кетем". Зомбулукка кабылган өспүрүмдүн окуясы (видео)

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Бишкек шаарынын тургуну Наргиза Ү. редакциябызга кайрылып, кошунасы баласына зомбулук, ыдык көрсөтүп жүргөнүн айтты. Анын бул окуяны коомго айтып чыгуусуна териштирүү иштери жүрбөй, иштин жабылып калганы себеп болгон.

Наргиза айымдын айтымында, баласын кошунасы уурулукка айыптаган. Бул иш териштирүүгө чейин жеткенде башка жагдайлар ачыкталган.

"Ушул жылдын 9-апрелинде уулум телефон чалып, өзүн жаман сезип жатканын айтып, "эртерээк келбесеңиз өзүмдү жоготуп алам" деди. Бат эле келдим, баламдын абалы начар экен, аябай ыйлаптыр.

Эмне болгонун сураганымда "кошунабыз мунумду, тигинимди уурдап алгансың деп жатат" деди. Аңгыча жолдошум келип калды, экөөбүз кошунабызыдыкына бардык. Ал: "Балаңар уурулук кылып жүргөн. Үйгө кирип шакекти уурдаганы КамАЗдын камерасына түшүп калган. Факты бар, видеону көрсөтөйүн десем кубаттуулугу өчүп калды, башка күнү көрсөтөм" деди. Мен "уулубуз балалык кылган го, мейли төлөп берели, бирок шаштырбай тургула, насыя алып берем" дедим. Макул болду. Балам ыйлап чалганда мен 102 кызматына чалып койгом.

Аймактык милиция келгенде кошунам "балаңыздын тагдырына балта чапкым келбейт, милициясы жок эле бүтүрөлү" деди".

Наргиза айым кошумчалагандай, эртеси күнү эле кошунасынын аялы телефон чалып "20 миң сом алып келип бериңиз", кайра чалып "тез арада 10 миң сом алып келиңиз" деген. Ал арада Түркиядан буюртма кылган тетик дагы жоголгон, ошону да тапкыла деп кошунасы айласын кетиргенин айтат.

"Жолдошума чалып, кошуналар кечээ башка нерсени, бүгүн башка нерсени айтып, эки сүйлөп жатышат. Кечээги айтып жаткан видеосун барып көрчү, деги эмнеси уурдалыптыр дедим. Күйөөм барса "ал видео өчүп калган, шакектин жоголгонуна 2 жыл болуп калды" дептир. Жолдошум ушул убакка чейин эмнеге айткан эмесиң, андай болсо мен төлөбөйм дегенде башка видео көрсөткөн. Анда баламдын "ооба, уурдагам, өзүмдөн улуу байкеге бергем, күрөөканага алып барсам кайдан алдың дешет да" деп коркуу менен айтып жатканын көрдүк. Андан кийин уулумдан тактай келсек эле башкача жагдайлар ачылды.

Балам тажап, ата-энеме баарын айтам дегенде кошунам унаага сүйрөп отургузуп, эшикетрин бекитип, бычак менен коркутуп, "уурулук кылдым дейсиң, мынтип айтасың, 100 миң сом төлөп берем деп жазасың, ата-энеңе болгонун болгондой айтсаң видеону милицияга берем, атаңды каматып, апаңды өлтүрүп, карындашыңды антип кетем" деп коркутуптур. Анан кошунабызга барып, эч нерсе бербей турганыбызды айттык", - дейт.

Бул окуядан кийин Наргиза айым милицияга арыз жазган, бирок эч ким каттоого албай, арызды калтырып кете берүүсүн айтышкан. Ал арада баланы психологго да алып бара баштаганын кошумчалады.

"Балам кичинеден ачылып, тайнесиникине эмнеге кетип калганын, кусуп, ооруп жатып калгандарын түшүндүрүп берди. Көрсө, кошуна коркутуп баштаганда балам кыйналып ооручу экен, башка жакка кетип калгысы келчү экен. Ошолорду укканда ызааланып, милициялар эмнеге баладан окуяны сурабайт, жеке маалыматтарды албайт деп 102ге чалдым. Тергөөчү Ибраев келип көрсөтмө алганда балам кошунабыздын жоруктарын айтып берди.

"Сабактан келе жатканда тосуп турчу, мени унаага салып алып ээн жактарга алып барчу, бир жолу досу менен балыкка алып кетип аябай кыйнашкан, ал жерден качканда унаа менен кууп келишкен, кошунанын досу мени тепкилеп, унаага салып кайра алып кетишкен. Белим ооруп жатып калганда үйүндөгү таштарын ташыткан. Үйүндөгү көп иштерине жумшап, кулдай мамиле кылчу" деди уулум. Көрсө баламды 13 жашынан эле кыйнап жүрүптүр кошунам. Азыр 15 жашта", - деп көзүнө жаш алды эне.

Жабырлануучу тарап тергөөчүгө ишенбөөчүлүк көрсөтүп, ишти башка тергөөчүгө өткөрүп берүү өтүнүчүн келтирген. Кийинчерээк иштин май айында эле жабылып калганын билген. Андан кийин райондук прокуратурага арызданып, иш кайра ачылган.

"Тергөөчү Ноорузов "эмне эле болуп жатасыз, менин деле кошунам балдар, кыздарым менен ойноп коёт, сиздин деле кошунаңыз балаңыз менен ойноп койчу экен" деди. Ага да ишенбөөчүлүк пайда болду. Андан кийин деле иш жүргөн жок. Кошунам менин үстүмөн да ар кайсы жакка арызданып жүрүп, мени жумуштан алды. Квартал башчысы болчумун.

Бала кордук көрүп жүрсө ата-энеси кайда эле дегендер да болуп жатат. Балам ушуга чейин эч нерсе айткан эмес, билгизбей жүргөн. Мен азыр акыйкаттык издейм, баламдын укугу үчүн, адилеттүүлүк үчүн Ак үйдүн алдына барып өзүмдү өрттөгөнгө да даярмын", - деп кайрылды жабырлануучу баланын апасы.

Бул окуя боюнча Свердлов РИИБи аялдын милицияга кайрылганын, 2008-жылы туулган уулун кошунасы алдамчылыкка айыптап, бир жыл бою физикалык жана психологиялык басым жасап жүргөнүн айтканын ырасташты.

"Аталган факты боюнча тергөөгө чейинки териштирүү иштери башталган. Иш боюнча зарыл болгон экспертизалар дайындалган. Кылмыштын курамы жок болгондуктан иш жабылган", - дешти.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/14311