Айыл чарба министри кеңешчиси тууралуу: Бизде ким көп? Сын айткандар жана сунуш айткандар
RU

Айыл чарба министри кеңешчиси тууралуу: Бизде ким көп? Сын айткандар жана сунуш айткандар

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Айыл чарба министри Аскарбек Джаныбеков активист Бакай Кашкарбаевдин анын кеңешчиси болуп дайындалышына комментарий берди.

Ишкерлер менен жолугушуудан кийин брифингдин жүрүшүндө министрге суроо узатышты: "Жакында эле жаңы кеңешчиңиз дайындалды. Сиз кимге ишенесиз бакырчактаргабы же айыл чарбасын мыкты билген адамдарга ишенесизби?"

Бул суроого Аскар Джаныбеков жылмайып, анын өзүнүн принциптери бар экенин айтты.

"Кеңешчи боюнча, бакырчактарды ала бересиңерби деп жатпайсыңарбы. Менин принцибим мындай: Сын айтасыңбы - сунуш бер, сунуш бересиңби - жаса, жасайсыңбы - жооп бер. Бизде эмне көп? Себепчи көп. Бизде ким көп? Сунуш айткандар көп. А жоопкерчиликти моюнга алыш керек да. Мына ошон үчун Кыргызстандын Айыл суу чарба жана реиондорду өнүктүрүү министринин 2020 жылдагы 24-ноябрындагы бекиткен жобосунун негизинде, коомдук кеңешчи жарандык кызматкер болуп саналбайт. Өзүнүн функцияларын эмгек келишими түзүлбөстөн, акысыз негизде аткарып берет. Бир. Негизги милдеттери жана функциялары: жарандык коом менен карым-катнашта болуунун эффективдүүлүгүн арттыруу. Коомдук кеңешчинин негизги функциялары булар: Министр жана министрликтин максаттары жана иш аракеттери тууралуу коомго маалымат жеткирүү", - деп министр айтты.

Эске салсак, Садыр Жапаровдун активдүү тарапташы Бакай Кашкарбаев Айыл чарба министри Аскарбек Джаныбековдун кеңешчиси болуп дайындалган. Кашкарбаев социалдык тармактын кыргыз сегментинде өткөн жылдагы октябрь окуяларынан кийин белгилүү болгон. Интернетке тараган видеодо чоң эле эркек киши Садыр Жапаровдун кадрдык саясатына нааразы болуп, ыйлап, аны Акылбек Жапаровдун ордуна кеңешчи кылып дайындоону талап кылат.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/1439