Жапаровдун ыйлак тарапташы Айыл чарба министринин кеңешчиси болуп дайындалды
RU

Жапаровдун ыйлак тарапташы Айыл чарба министринин кеңешчиси болуп дайындалды

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Садыр Жапаровдун активдүү тарапташы Бакай Кашкарбаев Айыл чарба министри Аскарбек Джаныбековдун кеңешчиси болуп дайындалды. Бул маалыматты министрлик тастыктады.

Белгилүү болгондой, Кашкарбаев коомдук башталыштагы жардамчы болот. Ал милдеттерине 26-апрелден тартып киришет.

Кашкарбаев социалдык тармактын кыргыз сегментинде өткөн жылдагы октябрь окуяларынан кийин белгилүү болгон. Интернетке тараган видеодо чоң эле эркек киши Садыр Жапаровдун кадрдык саясатына нааразы болуп, ыйлап, аны Акылбек Жапаровдун ордуна кеңешчи кылып дайындоону талап кылат.

Ушул жылдын январь айында, Кашкарбаевге карата кылмыш иши козголгон. Ал өткөн жылдын 16-ноябрында Ысык-Көл райондук сотко кирип барып, судья Жумаев менен жолуктурууну талап кылат.

Андан тышкары, 17-ноябрда Каракол шаардык сотко жулкунуп кирип барып, соттук органдардын кзыматкерлерин коркутуп-үркүтөт. Видеодо прокуратура кызматкерлерин "жанчып", "көзүн чукуп", "тиштерин кагыш" керек деген сөздөр айтылат.

Бул фактылар боюнча кылмыш иши козголуп, сотко чейинки өндүрүш башталган болчу.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/1409