Караколдо 23 жаштагы келин төрөттөн каза тапты
RU

Караколдо 23 жаштагы келин төрөттөн каза тапты

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Ысык-Көл облустук ооруканасынын төрөт бөлүмүндө көз жарган келин каза болду. Бул маалыматты облустук ички иштер башкармалыгынан тастыкташты.

Белгиленгендей, каза болгон эненин жакындары ички иштер органдарына арыз менен кайрылышкан эмес.

Маалым болгондой, Ак-Суу районунун 23 жаштагы тургуну 9-сентябрга караган түнү төрөт үйүнө оор абалда түшкөн. Аны кесарево жолу менен төрөткөн. Ал кош бойлуулуктун 36-аптасында болуп, каттоодо турган. Ымыркай аман-эсен, абалы туруктуу. Бирок көз жарган келин каза болуп калган

Башкы беттеги сүрөт иллюстрациялык: unsplash.com.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/14418