Ысык-Көлдө төрөт учурунда ымыркайдын ийини сынган. Кызматтык иликтөө башталды
RU

Ысык-Көлдө төрөт учурунда ымыркайдын ийини сынган. Кызматтык иликтөө башталды

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Ысык-Көл облустук бириккен ооруканасынын төрөт бөлүмүндө жаңы төрөлгөн ымыркайдын ийини сынып кеткен. Бул окуя боюнча Саламаттыкты сактоо министрлиги кызматтык иликтөө баштады.

Белгилүү болгондой, 13-августта дарыгерлер төрөттү кабыл алып жатканда ымыркайдын ийини сынып кеткен. Ысык-Көл облусунун тургуну Аман Кыдыралиев Kaktus.media сайтына кайрылып, учурда баласы жандандыруу бөлүмүндө жатканын, мээсине кан куюлуп кеткенин айткан.

Кийинчерээк Саламаттыкты сактоо министрлигинен бул иштин чоо-жайын аныктоо үчүн бардык аракеттер көрүлөрүн маалымдашты.

"Ишти атайын комиссия текшерип жатат. Милиция дагы өз алдынча текшерүүлөрдү жүргүзөт. Окуяга күнөөлүү медицина кызматкерлеринин ишмердүүлүгүндө аныкталган мыйзам бузуулар мыйзам чегинде катуу жазаланат. Учурда ымыркайга да, анын апасына да толук сакайып кетүү үчүн керектүү медициналык жардам көрсөтүлүүдө", - дешти мекемеден.

Башкы беттеги сүрөт иллюстрациялык: Teresa Crawford.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/13969