Президент өлкөнү өнүктүрүүгө жолтоо болгондор бар экенин айтып, аларга эскертүү берди
RU

Президент өлкөнү өнүктүрүүгө жолтоо болгондор бар экенин айтып, аларга эскертүү берди

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Садыр Жапаров Facebook баракчасына сингапурлук саясатчы Ли Куан Юнун жүз жылдыгына арналган билдирүү жарыялады.

"Бүгүн, 16-сентябрда элдин тагдырын жана тарыхын өзгөртүп, 30 жылдан кем убакытта үчүнчү дүйнөдөн биринчиге чыгаруу мүмкүн экенин далилдеген Ли Куан Юнун жүз жылдык мааракеси.

Эгемендүүлүгүбүздүн алгачкы 30 жылын оңой эмес сабак алууга короттук.

Келгиле, кийинки 30 жылды мамлекетти көтөрүүгө арнайлы. Анан бул иште бизге жолтоо болгондор эсинен чыгарбасын: "Бул карта оюну эмес. Бул өмүрлөр: силердин жана менин...", - деп жазды Жапаров.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/14426