Садыр Жапаров Эдил Байсаловго акыркы ирет эскертүү берген. Видео
RU

Садыр Жапаров Эдил Байсаловго акыркы ирет эскертүү берген. Видео

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары Эдил Байсаловго президент акыркы жолу эскертүү берген. Бул туурасында Жогорку Кеңештин төрагасы Нурланбек Шакиев жыйында айтты.

Белгилесек, Чыңгыз Айдарбеков парламенттин 13-сентябрдагы жыйынында Эдил Байсалов отставкага кетиши мүмкүн экендиги айтылгандан бери 2,5 ай өткөнүн эске салды.

Нурланбек Шакиев депутаттын нааразычылыгына жооп берди. Анда Садыр Жапаров, министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров жана Жогорку Кеңештин 6 фракциясынын лидерлери, вице-спикерлер бул маселени талкуулаганын айтты.

"Президент айтты: "Байсалов парламенттен расмий түрдө кечирим сурайт, мындай каталарга жол бербейт. Эгерде жол берсе бул акыркы эскертүү болот" деди. Мен муну маалымат иретинде айтып коёюн. Кыргызда "Алдыңа келсе, атаңдын кунун кеч" деген жакшы сөз бар. Баарыбыз кечиримдүү, сабырдуу бололу, урматтуу депутаттар. Эдил Жолдубаевичке дагы акыркы эскертүү, эгерде дагы бир ирет парламентке шек келтирген, орунсуз сөздөрдү айтса анда биз кескин чараны колдонобуз", - деди спикер.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/14381