Садыр Жапаров АКШга барды. Президент баштаган делегациянын курамы
RU

Садыр Жапаров АКШга барды. Президент баштаган делегациянын курамы

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Садыр Жапаров бүгүн, 18-сентябрда Нью-Йорк шаарына (Америка Кошмо Штаттары) барды. Президенттин администрациясынан кабарлашкандай, өлкө башкы БУУнун Башкы Ассамблеясынын 78-сессиясынын Жогорку деңгээлдеги жумалыгынын иш-чараларына катышат.

Садыр Жапаров БУУнун саммитинин ишине Туруктуу өнүгүү максаттары боюнча саммиттин лидерлеринин диалогуна катышат, БУУнун Башкы ассамблеясынын жалпы дебаттарында сөз сүйлөйт, ошондой эле Борбор Азия мамлекеттеринин башчылары жана Америка Кошмо Штаттарынын президенти Жо Байдендин биринчи саммитине катышат.

Мындан тышкары Садыр Жапаров БУУнун Башкы катчысы Антониу Гутерриш менен, БУУнун Башкы Ассамблеясынын алкагында чет мамлекеттердин жана эл аралык финансы институттарынын башчылары менен бир катар жолугушууларды өткөрөт.

Ошондой эле АКШнын бир катар ири компанияларынын өкүлдөрү менен кыргыз-америка бизнес-форумунда сөз сүйлөйт.

Президент менен иш сапарга барган делегациянын курамы:

  • Кыргыз Республикасынын тышкы иштер министри Жээнбек Кулубаев;
  • Президенттин администрациясынын тышкы саясат бөлүмүнүн башчысы Муратбек Азымбакиев;
  • Кыргыз Республикасынын Америка Кошмо Штаттарындагы элчиси Бактыбек Аманбаев;
  • Президенттин администрациясынын саясий жана экономикалык изилдөөлөр башкармалыгынын начальниги Алмаз Исанов;
  • жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөлдөө министри Мелис Тургунбаев;
  • саламаттык сактоо министри Алымкадыр Бейшеналиев;
  • экономика жана коммерция министри Данияр Амангельдиев;
  • юстиция министри Аяз Баетов;
  • Кыргыз Республикасынын Бириккен улуттар уюмунун Нью-Йорк шаарындагы туруктуу өкүлү Аида Касымалиева.
Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/14439