Дана Уайт Валентина Шевченко менен Алекса Грассо үчүнчү беттеш өткөрөрүн ырастады
RU

Дана Уайт Валентина Шевченко менен Алекса Грассо үчүнчү беттеш өткөрөрүн ырастады

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

UFC президенти Дана Уайт Валентина Шевченко менен Алекса Грассо үчүнчү ирет беттешерин тастыктады.

"Биз реванш өткөрүшүбүз керек. Биз муну жасайбыз - бул туура иш. Бул болушу керек болгон күрөш, ооба ", - деди Дана Уайт маалымат жыйынында.

Эскерте кетсек, 16-сентябрдан 17-сентябрга караган түнү Лас-Вегас шаарында (АКШ) аралаш мушташ боюнча UFC Fight Night 227 турнири өтүп, негизги беттеште кыз-келиндер арасында жеңил салмакта (57 кг чейин) уюмдун чемпиону Aлекса Грассо (16-3) мурдагы чемпиону Валентина Шевченко менен (22-4) реванш өткөргөн. Беттеш беш раундга чейин созулуп, тең чыгуу менен аяктаган. Ошентип, 30 жаштагы мексикалык айым UFCнин чемпиондук курун сактап калган.

Ал эми Шевченко калыстын чечими менен макул болгон эмес. Кийин кыргызстандык спортчу үчүнчү беттеш болсо - Кыргызстанда, 31-августт - Эгемендүүлүк күнүндө өтсө калыстык болоорун айтып, UFCге сунуш киргизген.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/14490