Шевченко Грассо менен үчүнчү беттешин Кыргызстанда, 31-августта өткөрүүнү сунуштады
RU

Шевченко Грассо менен үчүнчү беттешин Кыргызстанда, 31-августта өткөрүүнү сунуштады

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Валентина Шевченко Кыргызстандын Эгемендүүлүк күнүндө - 31 - августта Кыргызстандын өзүндө Алекса Грассо менен үчүнчү беттеш өткөрүүнү UFCге сунуштады.

Эске сала кетсек, бир күн мурун мексикалык Грассо Шевченко менен Мексиканын эгемендүүлүк күнүндө беттеш өткөрүп, ал тең чыгуу менен аяктаган.

Калыстын чечими менен Шевченко макул болгон жок. Ал эл аралык журналисттерге UFCнин негизги беттеши Мексиканын эгемендүүлүк майрамында өтүп жатканы үчүн, калыс жергиликтүү спортчуга тартып койгону айдан ачык болгонун айтты.

Эске салсак, буга чейин, март айында алардын биринчи беттеши өтүп, анда Грассо муунту ыкмасы менен төртүнчү раундда кыргызстандык Шевченкону жеңип алган.

"Эгерде адамдар Грассо менен үчилтикти көргүлөрү келишсе, мен даярмын, бул татыктуу вариант. Эгер салмакка көтөрүлүшүмдү кааласа, мен аны аткарам. Башка нерсе сунушташса, мен каршы эмесмин. Бул менин мамилем.

Грассо менен үчүнчү беттешке келсек, Кыргызстанда, 31- август - Эгемендүүлүк күнүндө өткөрсөк калыстык болот деп ойлойм. Бул туура жана калыс болмок. Грассо Мексиканын Эгемендүүлүк күнүндө титулун сактап калды. Ал эми UFC Кыргызстанга келүүнү кааласа, алар келет. Аларга өлкөнүн өкмөтү сөзсүз түрдө жардам берет. Менин күрөшүмө Кыргызстандын өкмөтүнөн адамдар учуп келишти, мени колдошту. Өлкөнүн президенти Садыр Жапаров да ММАны жакшы түшүнөт, анын колдоосу мен үчүн маанилүү", - деди Шевченко MMA Hour телеканалына берген маегинде.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/14470