Гүлзат Мамытбек өзү айыптаган алып баруучулардан кечирим сурады
RU

Гүлзат Мамытбек өзү айыптаган алып баруучулардан кечирим сурады

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Күн мурун нааразычылыгын айтып, алып баруучулар Санжар Мыкыев жана Нурсултан Майназаровду микрофонду өчүрүп салды деп айыптаган Гүлзат Мамытбек кайра өзү алардан кечирим сурады.

"Алтыным, кыргызым, боорум Санжар Мыкыев, Нурсултан Майназаров, Самат Дөөлөтбаков. Мен баарыңардан кечирим сурайм. Кыргызстанды мен дайыма жыйырманчы же экинчи орунга койгон эмесмин. Дайыма биринчи. Ар бир видеомдо Кыргызстанды биринчи деп келем. Конференция инфо бизнес тууралуу болчу. Мен Кыргызстан инфо бизнес боюнча артта калып жатат деп айткыча микрофон өчүп калып жатпайбы. Андан кийин экинчи микрофон өчүп калып жатпайбы. Мен ошого бир аз ызааланып кеттим.

Кечирип койгула, билип, билбей кылган күнөөлөрүм үчүн. Бири-бирибизди кечиришели. Ушуну менен бул теманы жабалычы. Кыргыз кыргызга душман эмес, кас эмес. Бири-бирибиздин көзүбүздү чукуганды токтотолучу. Мен кечирим сурагандан оозум чарчап калбайт. Күчтүү киши кечирим сурай алат. Мен болгону ыйлап, бүгүмду чыгарып алдым", - деген ал видео кайрылуусунда.

Эске салсак, Гүлзат Мамытбектин видеосунан кийин алып баруучу Нурсултан Майназаров жалаа жабылганын айтса, Санжар Мыкыев кадыр-баркына шек келтиргени үчүн сотко берээрин айткан.

Гүлзат Мамытбек атайын чакырылган иш-чарада сүйлөйүн десе микрофонун өчүрүп салышканын айтып, видео жарыялаган. Ал уюштуруучулардын, белгилүү алып баруучулар - Санжар Мыкыев менен Нурсултан Майназаровдун атын атап, нааразычылыгын билдирген.

Кийин видеосун өчүрүп, ызаасы тараганын айткан эле.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/14493