Гүлзат Мамытбек белгилүү алып баруучуларга нааразы болуп, ыйлады
RU

Гүлзат Мамытбек белгилүү алып баруучуларга нааразы болуп, ыйлады

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Блогер Гүлзат Мамытбек социалдык тармактагы баракчасына ыйлаган видеосун жүктөдү. Анда ал иш-чарага атайын чакырылганын, бирок пикирин айтайын дегенде микрофонун атайын өчүрүп салышканын билдирген.

"Мени уюштуруучулар өздөрү чакырып, жарнама боюнча жардам сурашкан, жардам бергем. Биздин казак боорубуз "конференция жагып жатабы?" деп суроо берди. Мага чейин бир кыз сүйлөдү. Мен сүйлөйүн деп жатсам микрофон өчүп калды, иштебей калды го дедим. Арман Юсуповдо эки микрофон бар болчу, микрофон берчи дегенде бирөөнү берди. Уюштуруучулар чуркап келип микрофонду колумдан жулуп алышты. Залдагылар мени сүйлөсүн деп суранып жатышты. Санжар Мыкыев келип микрофонду жулуп алды. Мен Санжар Мыкыевге эмне кылдым, Нурсултан Майназаровго кандай жамандык кылдым түшүнбөйм… Аял кишинин үнү жокпу? Эмнеге андай мамиле кылышты?", - деп ыйлады ал.

Ырчы Самат Дөөлөтбаков аталган иш-чарада конок болгонун, окуя боюнча өзүнүн жеке пикирин айтты. Ал белгилегендей, микрофонду Санжар Мыкыев же Нурсултан Майназаров өчүргөн жок. Ошондуктан аларга жазган сөккү, ыплас сөздөр туура эмес дейт.

"Гүлзат айым көпчүлүгүбүздөй эле конок болуп келди, спикер катары эмес. Кошулам, Гүлзат Мамытбектин микрофонун өчүрбөй, аягына чейин угуп коюшса болмок. Бирок, болор иш болду. Аялды сыйлабагандыгы үчүн ушундай кылды деп жазып жатасыңар. Албетте жок, жумурткадан кыр издегендин кереги жок. Аял менен эркектин мамилесине бул ситуациянын эч кандай тиешеси жок. Гүлзат айым бир видеосу менен 2-3 адамдын аброюн катуу түшүрүп койду. Мен Гүлзат Мамытбекти мотиватор, күчтүү специалист катары сыйлайм, болгону видеосу аркылуу балдарга чоң репутациялык зыян алып келип алды, ошонусу өкүнүчтүү", - деген ою менен бөлүштү.

Кийинчерээк Гүлзат Мамытбек видеону өчүрүп, ичиндеги ызаасы кеткенин, таарынычы таркаганын айтты.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/14473