"Улууларды сыйлоо эрежесин сактабайт". Сокулуктагы массалык мушташтын себеби аталды
Сокулук районунун Жаңы-Жер айылында ок атуучу курал колдонулган окуянын бардык катышуучулары такталып, кырдаал милициянын көзөмөлүндө. Бул тууралуу Чүй облустук ички иштер башкы башкармалыгынын басма сөз кызматы билдирди.
Эске салсак, бүгүн 22-сентябрда Сокулук райондук ички иштер бөлүмүнө Бишкек шаарынын клиникалык ооруканасына Жаңы-Жер (20-хутор) айылынын тургуну 1954-жылы туулган А.А. аттуу жарандын денесинде октон алган жаракаты менен дансыз денеси жеткирилгендиги тууралуу билдирүү түшкөн.
Ошондой эле аталган клиникалык ооруканага ошол эле Жаңы-Жер айылынын (20-хутор) экинчи тургуну 1986-жылы туулган Г.М. аттуу жаран октон алган жаракаты менен жеткирилип жандандыруу бөлүмүнө жаткырылган.
Аталган факт Сокулук райондук ички иштер бөлүмүнө катталып, Кыргыз Республикасынын КЖКнын 122-беренеси (адам өлтүрүү) менен кылмыш иши козголгон.
Иликтөө иштеринин жүрүшүндө окуя айылдаштар, жаштардын ата-энелеринин ортосунда болуп, муундар арасында "улууларды сыйлоо" эрежесин сактабагандыктан чыр-чатактар болгондугу аныкталган.
Окуя болгон эки тарап тең бир улуттан жана алардын ортосунда мурда эч кандай чыр-чатактар болгон эмес.Учурда окуянын бардык катышуучулары аныкталып, зарыл болгон тергөө амалдары жүргүзүлүүдө.
Башкы беттеги сүрөт: иллюстрациялык