Сокулукта массалык мушташ. Окуя болгон жерге атайын күчтөр алынып келинди
RU

Сокулукта массалык мушташ. Окуя болгон жерге атайын күчтөр алынып келинди

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Сокулук районунун Жаңы-Жер айылында абал курч. Бул тууралуу Kaktus.media сайтынын редакциясына укук коргоо кызматкерлери билдиришти.

Массалык мушташтын катышуучуларын кармоо үчүн жеринде атайын ыкчам топ иштеп жатат.

Чүй облустук ички иштер башкармалыгы кийинчерээк маалымат берүүнү убадалады.

Буга чейин, массалык мушташтан бир адам каза болуп, жабыркагандар бар экенин редакциягы күч түзүмдөру билдиришкен эле.

Алардын айтымында, мушташтан улам 1960-жылы туулган адам октон алган жаракатынан улам ошол жерден каза болгон.

Окуя болгон жерде укук коргоо кызматкерлери жана Чүй облустук ички иштер башкы башкармалыгынын жетекчилиги иш алып барууда.

Башкы сүрөт: иллюстарциялык.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/14519