Токтогулда 15 жаштагы кыз зордукталган. Шектүү жабырлануучунун үйүндө 10 жылдан бери жүрчү
RU

Токтогулда 15 жаштагы кыз зордукталган. Шектүү жабырлануучунун үйүндө 10 жылдан бери жүрчү

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Токтогулда 15 жаштагы кызга физикалык күч колдонуп, зордуктаганга шектүү кармалды. Жалал-Абад ОИИБден окуянын жагдайларын айтып беришти.

Белгилүү болгондой, 21-сентябрга караган түнү саат 02:00 чамасында Токтогул районунунда жаш кызды 36 жаштагы жаран күч колдонуп зордуктап койгондугу боюнча милицияга билдирүү түшкөн.

Маалымаат 154-беренеси (Зордуктоо) менен катталып, кылмыш иши козголуп, тиешелүү экспертизалар дайындалган.

Токтогул РИИБдин кызматкерлери тарабынан окуяга шектүү катары 1987-жылы туулган Б.А. кармалып, убактылуу кармоочу жайга киргизилди.

Шектүү 10 жылдан бери жабырлануучу кыздын үйүндө үй жумуштарына жардам берип, жашап жүргөн.

Башкы беттеги сүрөт иллюстрациялык.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/14525