Сокулукта 22 жаштагы келин 3 баласын сатканга шектелип, камакка алынды
RU

Сокулукта 22 жаштагы келин 3 баласын сатканга шектелип, камакка алынды

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Сокулук районунда келин 3 баласын сатып жиберген. Маалыматты Kaktus.media сайтына Чүй ОИИББден ырасташты.

Кабарлангандай, Сокулук РИИБине А.А. аттуу жергиликтүү тургун арыз менен кайрылган. Ал балдары менен сүйлөштүрбөй жаткан мурдагы аялы - 2001-жылы туулган Д.Н`га карата чара көрүүнү суранган.

Бул факты каттоого алынып, тергөөгө чейинки текшерүү иштери башталган.

Маалыматка ылайык, Д.Н. 2021-жылы март айында кыз төрөп, ымыркайды Москва районунун тургунуна сатып жиберген. 2022-жылы апрель айында уул төрөп, К. аттуу жаранга саткан. 2023-жылы март айында кыз төрөп, аны М. аттуу тургунга саткан. Бул фактылар боюнча "Балдарды сатуу" беренеси менен кылмыш иши козголгон.

Ыкчам тергөөнүн жүрүшүндө Д.Н. кармалып, Сокулук райондук соту тарабынан камакка алынды.

Учурда балдардын жашаган жерин аныктоо боюнча иштер жүрүп жатат. Ал эми кылмыш ишин тергөө улантылууда.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/14536