Россияда апасы 300 миң рублга сатмакчы болгон бала эсиңиздеби? Ал Кыргызстанга жеткирилди
RU

Россияда апасы 300 миң рублга сатмакчы болгон бала эсиңиздеби? Ал Кыргызстанга жеткирилди

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Екатеринбургда өз апасы 300 миң рублга сатмакчы болгон бала эсиңиздеби? Ал бүгүн, 1-июлда Кыргызстанга келди. Бул тууралуу Тышкы иштер министрлигинен кабарлашты.

Маалымдалгандай, Кыргыз Республикасынын Екатеринбург шаарындагы Башкы консулдугу Кыргыз Республикасынын Эмгек, социалдык коргоо жана миграция министрлиги менен биргеликте 2015-жылы туулган Кыргызстандын И.А. аттуу жаранын мекенге кайтарды.

*****

2022-жылы баланы Екатеринбург шаарында сатуу аракети болуп, ал камкордуксуз калып, Свердлов облусундагы мамлекеттик социалдык тейлөө мекемесине убактылуу жайгаштырылган. Сатуу аракети үчүн баланын апасы А.Н. 5 жылга эркинен ажыратылган.

Кыргызстандын Башкы консулдугу тиешелүү иштерди жүргүзүп, келинге карата соттук териштирүүгө катышып, баланы Кыргызстанга кайтаруу жана керектүү документтерди тариздөө маселелерин иштеп чыкты.

Кыргыз Республикасынын Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлигинин кызматкеринин коштоосунда бала аба каттамы менен мекенине келгени айтылат маалыматта.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/13188