"Эркекти зордукчул көрсөтүп албайлы". Депутат негативдүү маалыматты көзөмөлдөөнү суранды
RU

"Эркекти зордукчул көрсөтүп албайлы". Депутат негативдүү маалыматты көзөмөлдөөнү суранды

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Жогорку Кеңештин жыйынында Мирлан Самыйкожо үй-бүлөлүк зомбулук боюнча маалымат таратып жаткандарга чара көрүлөбү, жокпу деп кызыкты. Ал аялзатына болгон басымды көп жайылтуу менен эркектерди зөөкүр көрсөтүп албайлы деген чочулоосун билдирди.

"Маалыматтар кайсы жактан, ким чыгарып жатат, каякка таратылып жатканын Ички иштер министрлиги көзөмөлгө алсаңыздар. Ушуну көбөйтүп кетип бара жатабыз. Маалыматтардын чыгышына көзөмөл барбы? Токтотуп коюңуз деген эч ким жок, болгону каяктан чыгып жатат, кимдер чыгарып жатат деген маселелерди айтып жатам. Муну көбөйтүп, ашыра берүүнүн кереги жок. "Жаманды жашыр, жакшыны ашыр" деген сөз бар. Кыргыздар аялдарга тең укуктуулук менен карап келген. Бирок бүгүнкүдөй кулак, мурду кесилип жатканы бул жигитчилик эмес, мырзалык эмес. Бул өтө жаман көрүнүш. Болгону ушул нерселерди жайылтып жаткан нерселерди карап коюш керек. Атайын бир жерден чыгып жаткандай болуп жатат", - деди ал.

Ички иштер министринин орун басары Октябрь Урмамбетов атайын жайылткандарга чара көрүлүп жатканын айтты.

"Сөзсүз, ошолорго чара көрүү керек. Тагыраак айтып кетейин, кыргыз эч качан аял же эркек деп бөлгөн эмес. Жаш шерик, теңим, жарым деп келген, ошону карманалы. Аялзатына болгон басымды көбөйтүп, эркек затын мыкаачы, зордукчул, кордукчул көрсөтүп албайлы. Кыргыздын мырзаларында мырзалык мүнөз, жигиттик сапаты болгон. Бүгүн да ушундай болушу керек. Ал эми бир карын майды бир кумалак чиритип жаткан мезгилде "зөөкүр болуп бара жатат" дегенден алыс бололу", - деп чакырды депутат.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/14571