"Кызымды көргөнгө жүрөгүм чыдабайт". Кулак, мурду кесилген келиндин апасы кайрылуу жасады
RU

"Кызымды көргөнгө жүрөгүм чыдабайт". Кулак, мурду кесилген келиндин апасы кайрылуу жасады

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Селекция айылында кулак, мурду кесилген келиндин апасы Тинатин Катаганова Kaktus.media аркылуу кайрылуу жасады. Ал президенттен, УКМКнын төрагасынан жардам сурады.

Айтымында, кызы каргаша болгондон кийин эле дароо телефон чалган.

"Аселден мага видео чалуу түштү. Телефонду милиция кармап турган окшойт, карасам кызымдын мурду жок. Мен дароо эле Токмоктон чыктым. Кызымды Сокулук райондук ооруканадан шаарга алып чыгышыптыр, бул жактан тосуп алдык. Мен кызымдын жүзүн көрө элекмин, жүрөгүм чыдабайт. Кан басымым жогорулап, жаман болуп жатам. Кызым жашаган батирди көрдүм, көз болжол менен айтканда 2 жарым литрдей кан жоготкон окшойт", - деди ал.

Тинатин Катаганова, эгер кошуналары милиция чакырбай койгондо же милициялар келбей койсо кызын жиликтеп салмак беле дейт.

"Эки кулагын, мурдун кесип салган, мүчөлөрү жерде жаткан. Моюнун да кескен, бирок күрөө тамырына жеткен эмес. Беттерин тилген, сөөгү көрүнүп жүрөт. Кошунасы милиция чакырган. Эгерде ал жетишпей калса кызымды жиликтемек экен".

Жабырлануучунун апасы бул үрөй учурган окуяны неберелери көргөнүн айтат. Улуусу 16 жашта, кичүүсү 11 жашта.

"Жолдошум жок. Кичинекей кызым бар. Азыр 3 бала менен калдым, чоң кызым минтип оор абалда жатат. Урматтуу, Садыр Жапаров жана Камчыбек Ташиев мага жардам бериңиздер. Менин үнүм сиздерге жетет деп ишенем, үмүтүмдү үзбөңүздөр. Кызыма бир нече операциялар жасалат. Кайгыма кайдыгер карабаңыздар, суранам. Кыргызстандыктар, бизнесмендер, атайын эсеп ачылат, жардам бериңиздер", - деп кайрылды.

Катаганова мурдагы күйөө баласы кызын зордуктаганын, ур-токомокко алганын да ырастады.

Келинге жардам берүүнү каалагандар болсо МБанк мобилдик тиркемесине каражат которсо болот. МБанк -0500 20 25 93 (Гульзат О.).

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/14503