Чүйдө 32 жаштагы келин бычакталган. Кылмышка кошунасы шектелүүдө
RU

Чүйдө 32 жаштагы келин бычакталган. Кылмышка кошунасы шектелүүдө

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Чүй районунун Прогресс айылында 32 жаштагы келин бычакталган. Ал алган жаракатынан улам ооруканага жаткырылган, бирок өзүнө келбей каза болгон. Маалыматты Чүй облустук ички иштер башкы башкармалыгынын басма сөз кызматынан билдиришти.

Окуя 18-сентябрда саат 10:30дар чамасында болгон. 67 жаштагы жергиликтүү тургун мас абалында кошунасына бычак менен кол салган. Ал Токмок шаарынын аймактык ооруканасынын жандандыруу бөлүмүнө жеткирилип, бирок аны сактап калууга мүмкүн болгон эмес.

Аталган факты боюнча "Адам өлтүрүү" беренеси боюнча кылмыш иши козголгон. Учурда кылмышка шектүү 1956-жылы туулган Б.К. кармалып, СИЗОго киргизилди.

Тергөө аяктап, иш сотко жөнөтүлдү.

Башкы беттеги сүрөт иллюстрациялык.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/14609