Кош бойлуу келиндин бычакталышы. Милиция окуянын чоо-жайын айтты
RU

Кош бойлуу келиндин бычакталышы. Милиция окуянын чоо-жайын айтты

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Ошто кош бойлуу келин бычактан көптөгөн жаракаттарды алып, ооруканага түшкөн. Облустук ички иштер башкармалыгынан Kaktus.kg сайтына фактыны ырастап, окуянын чоо-жайын айтып беришти.

23-августта саат 23:30 чамасында Кара-Суу РИИБге 33 жаштагы С.И. аттуу жаран оор жаракаттар менен ооруканага кайрылгандыгы кабарланган.

Бул факты маалыматтык электрондук журналына катталып, текшерүү иштери башталган. Териштирүүнүн жүрүшүндө Кара-Суу районунун тургуну - 40 жаштагы Л.И. аялы менен пикир келишпестиктен улам уруша кетип, аны учтуу нерсе менен сайып жибергендиги аныкталган. Жаракат алган аялды туугандары Ош облусттук төрөт үйүнө жеткиришкен.

Бул жагдай боюнча ыкчам-тергөө тобу окуя болгон жерге чыгып, жабырлануучуга карата соттук-медициналык экспертиза дайындалды. Учурда окуя боюнча күбөлөр суралууда.

Бүгүн, 24-августта Кылмыш жаза кодексинин "Кылмыш жасоого аракеттенүү", "Адам өлтүрүү" беренелери менен кылмыш иши козголуп, шектүү катары кармалган Л.И. Кара-Суу РИИБдин убактылуу кармоочу жайына киргизилди. Тергөө амалдары улантылууда.

Башкы беттеги сүрөт иллюстрациялык.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/14099